Өзгөндө Абадан коргонуу күчтөрүнүн офицери кокусунан бутуна ок атып алды

0 0

Ош облусунун Өзгөн районунда Абадан коргонуу күчтөрүнүн офицери өзүн бутка атып алды. Бул маалыматты Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы журналисттерге тастыктады.

Маалыматтар боюнча, кечээ, 15-сентябрда саат 18:35те офицер куралын тапшырып жатып кокустан бутуна атып алган. Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан кийин аймактык ооруканага жеткирилген. Анын абалы жакшы, ал жеңил жаракат алган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Источник

Оставьте ответ