Адахан Мадумаров: “Ата-Мекендин” социалисттери менен КЛДПнын либералдарынын биригиши – бул кофенин үстүнө кымыз куюп ичкендей кеп болду, алар бизге да биригели деп келишти, биз четке кактык”

0 0

Адахан Мадумаров: “Ата-Мекендин” социалисттери менен КЛДПнын либералдарынын биригиши – бул кофенин үстүнө кымыз куюп ичкендей кеп болду, алар бизге да биригели деп келишти, биз четке кактык”

“Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын лидери Адахан Мадумаров көз карандысыз журналисттерге кеңири интервью берип, анын ичинде “Ата-Мекен” партиясы (Өмүрбек Текебаев) менен КЛДПнын (Жанар Акаевдин) “Жаңы дем” кыймылынан биригүүсүнө токтолуп өткөн:

-Азыр шайлоо жакындаган сайын саясатчылар, партиялар бири-бири менен бириге коюп жатышат. Өткөндө “Ата-Мекен” партиясынын туусунун алдында бир топ саясатчылар, партиялар бирикти. Анан менде мындай бир кызык суроо жаралды: “социалисттер менен либералдар да бириге береби, ушундай да болобу?” деген суроо пайда болду. Дегеле бизде партиялар көп эмеспи, анан “ар бир партиянын өзүнүн идеологиясы болот да, ошолор барбы, сакталабы?” деген суроого эч кимден жооп ала албай койдум…

-Алардын өздөрүнөн да жооп ала албайсын да, себеби аларда логика жок да. Негизи кыргызга партия жарашпайт. Мен ушул партиялар же парламенттик система тууралу мыйзам кабыл алынып жаткандан бери айтып келе жатам, негизи кыргызга партия жарашпайт. Биздин коом партиялык түшүнүккө даяр эмеспиз. Коом эле эмес, партия түзүп жаткан “билермандар” өздөрү да даяр эмес. Өзүңүз айткандай социалисттер менен либералдар “кайнаса каны кошулбаган” эки башка топ. Бирок, кыргызга боло берет: “эптеп-септеп депутаттыкка өтүп алсак” деп, алардын партия менен чатагы да жок. Кээ бир партиялардын мүчөлөрү бар, өздөрүнүн партиясынын программасын өздөрү окубаган. Мына, биз экөөбүз кофе ичип олтурабыз, кофе жакшы ичимдик, эми ушу кофенин үстүнө таптаза болгон, аппакай бир кесе кымызды кошуп жиберип ичсе болобу? Эмне болот, же кофе эмес же кымыз эмес, иче да албайсын. Бул экөөсү тең жаман деген сөз эмес, экөөн тең бөлөк-бөлөк керектүү мезгилде ичсең сонун. Ошол бириккен партиялардын баары азыр ушундай болуп жатат да – кофенин үстүнө кымызды куюп, анан кымыздын үстүнө айранды куюп, анан өрүктүн ширесин анын үстүнө куюп жиберип, ичип, ичи өтүп, ысытмасы көтөрүлүп жатып калып жатат. А муну элге мындай түшүндүрүп жатышат: “өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн биз бириктик” деп. Өлкөнүн кызыкчылыгы аларды бир күн да кызыктырбайт. Сен “эптеп-септеп депутаттыкка өтүп алсак” деген кызыкчылык менен бириктиң, эртең барып-барбай мушташасын. Анан баягы эл айтат: “атаңдын гөрү, биз ушуларга ишендик эле” деп. А сен бүгүндөн баштап ишенбе. Себеби “эптеп-септеп өтүп алыш” болуп жатат…

Сиз айткан, бириккен партиялар келип, биригели деп аябай сунуштарды берди, биз четке кактык, себеби биз “эптеп-септеп депутат болбой эле койдук, биздин көз караштарыбыз башка, биздин баалуулуктарыбыз башка” деп жооп бердим. Биз партиялык эмес, элдик парламентке кайрылып келүүнү каалайбыз. “Өсөр элге бир башчы” дегендей, бир президенттик башкаруудагы, күчтүү парламенттик көзөмөлдөгү бийлик керек. Ал парламентти эл шайлап, түздөн-түз элдин өкүлү олтурган Жогорку Кеңештин тарапкерибиз. Биз либерал эмеспиз. Либерал деген бул башаламандык деген. Баарыныкын эле туура дей берген. Бизде андай болбойт, биз консервативдүү партиябыз. Себеби, биз ата-бабалардын каада-салты, ата-бабалардын нарк-насили, ата-бабалардын баалуулуктары, кыргыз касиети менен, бүгүнкү заманга шайкеш келген жолдор менен жашай турган, ошол жолдор менен өнүктүрө турган партиябыз”, – деп жооп берди Адахан Мадумаров.

Источник

Оставьте ответ