“Ак-Шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев жана саясий ишмер Кубанычбек Исабеков “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясына келип кошулушту

0 3

“Ак-Шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев жана саясий ишмер Кубанычбек Исабеков “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясына келип кошулушту

Бүгүн, 15-августта “Ак-Шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев жана коомдук-саясий ишмер Кубанычбек Исабеков 4-октябрда өтө парламенттик шайлоого катышуу үчүн “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясына келип кошулушту. Бул тууралу партиянын жаштар канатынын лидерлеринин бири Мирбек Мунарбек уулу билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясына 7 партия кошулганын билдиргенбиз.

Алар:

1) “Кыргызстан коммунисттер” партиясы – И.Масалиев
2) “Эрк” партиясы – Турсунбай Бакир уулу
3) “Эгемен Кыргызстан” партиясы – Б. Асанов.
4) “СССР” партиясы – И. Кадырбеков
5) “Ак калпак” партиясы – У. Маматаев
6) “Улуу көч” партиясы – А. Момунов.
7) “Бүткүл жаштар” партиясы – Ч. Капаров.

Источник

Оставьте ответ