Баткенде эркек киши октон жаракат алып, ооруканага жеткирилди

0 0

Баткенде эркек киши октон жаракат алып, ооруканага жеткирилди

Баткенде эркек киши октон жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу өздүк булактар билдирет.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Көк-Таш айылынын тургуну 1955-жылы туулган М.Раимберди небереси менен айдоо талаасында иштеп жүргөн. Саат 18:30 чамасында ал суу буруп жүргөн кезде, ок атылган. Айрым маалыматтар боюнча, айылдын тургуну моюнунан жана аркасынан жаракат алган.

Ал адам Баткен облустук ооруканасына жеткирилген.

Маалыматка караганда, окуядан кийин Баткен облусунун Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы З. Мийзаев Согди облусундагы чек ара башкармалыгынын башчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мындан тышкары, Баткен (КР) жана Исфара (ТР) чек ара отряддарынын командирлери дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Провокациянын алдын алуу максатында жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Источник

Оставьте ответ