Бегимай Бекбоева: “Бейиш эненин таманында экенин түшүндүм. Жаным апам мени кечириңиз”

0 0

Бегимай Бекбоева: “Бейиш эненин таманында экенин түшүндүм. Жаным апам мени кечириңиз”

Ырчы Бегимай Бекбоева апасынан кечирим сурады. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.

“Дүйнөнү аябай кең деп ойлочумун, бирок апамдын кучагынан кичине экен. Жаным апам менин билип-билбей кетирген, балалык кылып сизге капа болгон күндөрүмдү, көңүлүңүздү оорутуп алган болсом кечириңиз. Мен сизди Аллахтын ыраазычылыгы үчүн чексиз жакшы көрөм. Бейиш эненин таманында экенин толук түшүндүм” – деди Бекбоева.

Эскерте кетсек, буга чейин эне менен кыздын ортосунда таарынычтар болуп келген. Инстаграм баракчасындагы катталуучулар бул туурасында ой-пикирлерди калтырышууда.

“Кеч болсо дагы катаңызды түшүнүп, кечирим сураганыңыз жакшы болду. Мен сизден ушундай пост жазат деп ишенип, көптөн бери күтүп жүргөм. Энелерди капа кылбайлычы” – деди катталуучуу.

View this post on Instagram

Дүйнөнү аябай кең деп ойлочумун, бирок апамдын кучагынан кичине экен… Жаным апам менин билип билбей кетирген, балалык кылып сизге капа болгон күндөрүмдү, көңүлүңүздү оорутуп алган болсом кечириңиз🙏🙏🙏 Мен сизди АЛЛАХтын ыраазычылагы үчүн чексиз жакшы көрөм😘😘😘 Бейиш эненин таманында экенин толук түшүндүм… #Энеден#баланы#баладан#энени#ажыратпасын#

A post shared by Begimai.bekboeva (@bekboeva.begimai.team) on Aug 1, 2020 at 2:47am PDT

Источник

Оставьте ответ