Чыңгыз кайда? Космосто… Убадалар кайда? Ооздордо…

0 0

Чыңгыз кайда?  Космосто…  Убадалар кайда?  Ооздордо…

Курулуп жаткан “Чыңгыз Ордонун” бүгүнкү абалы

Ааламдын даңазалуу олуя уулу, даана философу, көзү ачык көсөмү, даанышманы “ Ак кемесин” айдап, “Саманчынын жолуна” чыгып, “акыр заманды” жер бетинен баамдап, “тоолор кулап” талкалаарына  далилдерди келтирип, дүйнөдөгү калктын күн сайын адам болушуна кеңешти берип ж.б. Ала-Тоодой мүлдө кыргыз элин дүйнөгө таанытып, кызыл желегин бийик кармап даңазалаган Чыңгыз Айтматовду бүтүндөй дүйнө эли даңазалайт, сыймыктанышат, көзү өтүп кетсе да кадыр тутуп, сыйлашат. Ошондон улам Россия, Турция, Казахстан, Өзбекстан ж.б. көптөгөн өлкөлөр Чыңгыз Айтматовдун эстеликтерин орнотушту, сейил багын арнашты, борбор шаарларында кооз, чоң аянттарына Чыңгыз Айтматовдун ысымын коюшту. Көптөгөн дүйнө окумуштуулары Чыңгыз Айтматовдун эмгектерин даңазалаган илимий аныктоолорду жазышты, жазып да жатышат. 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90-жылдыгы Кыргызстанда жана Талас облусунда жогорку баада өттү. Ал ыйык күндү бүтүндөй дүйнө эли белгилешти.

Ошол улуу күндө же 90-жылдыгында белгилүү инсандын эстелигин түбөлүккө калтыруу, Таласта Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени Шекер айылында “Чыңгыз Ордо” комплексин куруу сунушу жогорку эшелондон баштап сунуш козголуп, ал бүтүндөй кыргыз калкынан колдоо тапкан. Таластын атка минерлери “күпүлдөшүп”  бүткөрөбүс, ыйык жайга айлантабыс дешип жер тепкилешкен. Республиканын “көсөмдөрү” тарабынан курулушка каражаттар бөлүнүп, депутаттар билек түрүнүшүп, проектисин бекитишип, атка минерлер түгөл аттанышкандай болгон. Буйруса бүтөт экен, 2021-жылы Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн жаңы жайда “Чыңгыз Ордодо” өткөрөбүс дешкен Таластыктар. Ооба иш башталган. Жери тандалып, бөлүнүп берилип, жер касылып, фундаменттери түптөлүп дегендей. (тиркелет сүрөт) Ал кезде “Ажолор” да,  “Кожолор” да,  депутаттар да үзбөй катташып калган эле. Ал жерге Чыңгыз Айтматовдун айкели да, 2019-жылдын күз айларында коюлуп калмак.  Бирок, тилеке каршы коюлган жок!

Себебин ким билсин баягы “Ажолор”, “Кожолор”,  депутаттар оос көптүрүп бийик сүйлөбөй калышты, каттоо  тыйылды. Бара-бара сууй берди. Көзгө көрүнөрлүк курулуш болбоду. Же бөлүнгөн акча каражаттар “түгөндүбү”, “бөлүндүбү”, ”көмүлдүбү” айтоор курулуш солгундаган бойдон калды. Баягы “күпүлдөктөр”, ”дүпүлдөктөр” да, көрүнбөй калды. Депутаттар да, дым-дым болушту.

Суроо туулат: Мүмкүн “кара тумоонун” кесепети болбосун ? Же “каракчылардын” кесепети болбосун, же курулушчулардын колдорунун “туткактыгы” болбосун…??? Айтоор калк үмүт кылган, “көсөмдөр” убада кылган курулуш “Чыңгыз Ордо” кызуу жүрүшүн токтоткон.

Намыс куйкаланат! Дини башка, дили башка, тили башка, улуту башка боордоштор биздин Чыңгыз Айтматов дешип, таазим кылып, урмат көрсөтүп жатышса, башталган ишти бошоңдотуп, зээнди кейиткен биздин “эл башчылары”, чабандестер эмне үчүн кайдыгер карашат.

“Шекерге” улуу адамдын туулган жерине  2020-жылдын биринчи кварталында келген коноктордун жалпы саны 447. Бул Экскурсоводдордун келиши жакшы көрүнүш. Анын ичинен Германиядан 54, Турциядан 3, Кыргызстандан  390 коноктор келсе, 2019-жылы жалпы алганда 3600 туристтер  келди. Мунун ичинен Германиядан-5, Кытайдан-13, Узбекстандан-12, Турциядан-10, Англиядан-3, Казакстандан-20, Россиядан-12. Баардыгы болуп 3480 туристтер келип кетишти. Бул эң жакшы көрүнүш. Эгер “Чыңгыз Ордо” комплекси бүтсө, баамдап көрүңүз. Бул деген Кыргызстан үчүн чоң сыймык эмеспи???

Чыңгыз Айтматов тирүү! Ал бүтүндөй адамзаттын жүрөгүндө жашап келет жана жашай берет! Кеч эмес, убада бердиңерби, аны аткаргыла! Чыңгыз Айтматов “космостон” карап  турат, сынап турат, үмүтүн  үзбөй,  артып турат… Улуу адамдар  ааламдан, карап  турган  көзүнөн  КОРККУЛА!!! Кийинки материалда “Чыңгыз Ордого” коюла турган  айкелдин  тегерегиндеги талаш-тартыш  жөнүндө  болмокчу.

Наралиев Төлөгөн, Апрель баатыры, Кара-Буура районунун 2010-2012-ж.ж. экс-акими, Талас облусу 

Источник

Оставьте ответ