Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили Түркмөнбашы Сапармурат Ниязов министрлерин төрт буттап тургузуп алып, аларды кантип мазактаганын айтып берди 

0 0

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили Түркмөнбашы Сапармурат Ниязов министрлерин төрт буттап тургузуп алып, аларды кантип мазактаганын айтып берди 

Грузиянын экс-президенти, учурда Реформа маселелери боюнча Улуттук кеңештин аткаруу комитетинин башчысы кызматын аркалап келе жаткан Михаил Саакашвили Түркмөнстандын лидери Сапармурат Ниязовдун КМШ саммитинде министрлерин шылдыңдагандыгы жөнүндө окуяны YouTubeдагы “В гостях у Дмитрия Гордона” программасынын эфиринде эстеди.

Белгилүү украиналык журналистке берген маегинде Саакашвили Түркмөнстандын мурдагы президенти Ниязовдун КМШ саммитинде министрлерин төрт буттап тургузуп, аларга конфетти иттерге бергендей берип, мазактаганын эстеди.

Дмитрий Гордондун Түркмөнстан башчысы менен сүйлөшкөнсүзбү деген суроосуна Саакашвили мындай деп жооп берди:

“Мурдагы президент менен (президент С. Ниязов – ред.) КМШнын бир саммитинде министрлерин төрт буттап тургузуп, аларга конфетти итке бергендей бергенде бир окуя болгон. Бул абдан кейиштүү болгон. Андан кийин, ал көп өтпөй көз жумду, мен дагы акыркы сапарга узатуу зыйнатына келдим, башкача айтканда, акыркы сапарга узатуу зыйнатына эмес, жаңы президенттин ( Гурбангулы Бердымухамедов) инаугурациясына келгем”, – деп эскерди Грузиянын экс-президенти Саакашвили.

Ал ошондой эле, Түркмөнбашы бир нече айдан кийин өзү шылдыңдаган министрлерин каматканын, ошол эле учурда Түркмөнстандын учурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов гана түрмөгө түшпөгөн “жалгыз министр” деп эскергенин кошумчалады.

“Ал бир гана Саламаттыкты сактоо министрин (Гурбангулы Бердымухамедов) каматкан эмес. Анткени ал өзүнүн тиш доктуру болгон. Эми ал жаңы Түркмөнбашы болуп калды” – деп билдирди Саакашвили.

Саакашвилинин украиналык белгилүү журналист Дмитрий Гордон берген интервьюсу 24-июнда YouTube көрсөтүлдү.

2003-жылдын ноябрь айындагы революциядан кийин бийликке келген Михаил Саакашвили 2004-2013-жылдары Грузиянын президенти болгон.

Источник

Оставьте ответ