Жалал-Абадда 20 жаштагы кыз мас абалында 4-кабаттын терезесинен кулап түштү

0 0

Жалал-Абадда 20 жаштагы кыз мас абалында 4-кабаттын терезесинен кулап түштү

Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 20 жаштагы кыз 4-кабаттан кулап түштү. Маалыматка ылайык, кырсык 9-августта түнкү саат 2:00 чамасында Н.Айтматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар түнү бою жардам сурашкан. “Мындай бийиктиктен кулап түшсө, ал тирүү калбайт деп ойлогонбуз. Кудайга шүгүр, ал аман калды. Тез жардам алып кетти”, – дешти алар.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, шаардын тургуну Ю.М. мас абалында терезеден кулап түшкөн.

“Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Өз өмүрүнө кол салууга аракет” катары катталган. Алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, М.Ю. ал башы айланып, терезеден кокустан кулап түшкөндүгүн билдирди. Ал кошумчалагандай, бул окуя боюнча эч кимге эч кандай дооматы жок”, – деп айтылат билдирүүдө.

20 жаштагы кыз облустук клиникалык ооруканада дарыланып жатат. Анын баш мээси чайкалган. Абалы канааттандырарлык деп бааланды.

Источник

Оставьте ответ