Жергиликтүү тургундар: “Токмокто эркек бала көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришине заара ушатып жатат. Коомдук маданият кайда?”

0 0

Жергиликтүү тургундар: “Токмокто эркек бала көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришине заара ушатып жатат. Коомдук маданият кайда?”

Чүй облусунун Токмок шаарында эркек бала көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришине заара ушатып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, анын кылып жаткан жоругу видеокамерага түшүп калган. Видео социалдык тармактарга жайылды.

“Албетте, бардык нерсе болушу мүмкүн. Бирок, кире бериш жерге кылуу бул туура эмес. Бул биринчи жолу эмес. Кээде балам менен сейил бакка же көчөгө чыкканда уялып кетем, анткени чоңдор дарактын түбүнө заара ушатышат. Коомдун маданияты кайда?”, – деп суроо салды жергиликтүү тургундар.

Источник

Оставьте ответ