ЖКнын депутаттыгына 1912 талапкер катталды, анын 618и аялдар, 1294ү эркектер

0 0

ЖКнын депутаттыгына 1912 талапкер катталды, анын 618и аялдар, 1294ү эркектер

БШК 15 саясий партиядан 1912 талапкерди каттады. Бул тууралуу КР БШКнын маалымат бөлүмү билдирди.

Эскерте кетсек, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 15 саясий партияга катышууга уруксат берген.

Көрсөтүлгөндөй, партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына 1 957 талапкерди көрсөтүштү, алардын 45и өз арыздары боюнча тизмеден чыгарылды.

Жалпысынан, КР ЖКнын депутаттыгына 1912 талапкер катталды, анын 618и аялдар (32,32%), 1294ү эркектер (67,68%).

Источник

Оставьте ответ