Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июнда кезексиз жыйынга чогулушу күтүлүүдө

0 0

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июнда кезексиз жыйынга чогулушу күтүлүүдө

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын кызматкерлери үй каранинде жатышат. Ушуга байланыштуу ЖКнын 24-25-июндагы жыйындары түз эфирде чагылдырылбайт. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымы боюнча, ал менен байланышта болгон ЖКнын басма сөз кызматынын кызматкерлеринин коронавируска тапшырган анализтери терс чыкса дагы, медициналык кызматкерлер аларды үй карантининен чыгарбай жатышат.

“Күн тартиби, каралган маселелер жана добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын kenesh.kg сайтына жайгаштырып турууга аракет кылмакчыбыз. Кесиптештерим аралыктан иштешүүдө. Ал эми 29-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүшү күтүлүп жатат. Ошол маалга чейин кесиптештеримдин карантин мөөнөтү аяктаса, сессиялык жылдын акыркы жыйынын түз эфир менен камсыздоого аракет кылабыз” ” – деп билдирди Ибраим Нуракун уулу.

Белгилей кетсек, коронавирус инфекциясы ЖКнын 2 депутатынан жана 3 аппарат кызматкеринен табылган.

Источник

Оставьте ответ