Кармалган активист Айбек Бусурманкулов алдын-ала сүйлөшүүдөн кийин бошотулган

0 0

Кармалган активист Айбек Бусурманкулов алдын-ала сүйлөшүүдөн кийин бошотулган

“Жерүй” алтын кени боюнча жыйын өткөрүүнү пландаштырган жарандык активист Айбек Бусурманкулов Талас райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынан кабарлады.

Анын кармалышы тууралуу кечээ, 23-июнда белгилүү болгон. Белгиленгендей, Бусурманкулов алдын-ала сүйлөшүү жана пандемия учурунда жолугушууларды болтурбоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан жеткирилген.

Кармалган адамдан ПЦР-анализи алынып, үй карантинине жиберилген.

“Эч ким аны кармоого ниеттенген жок”, – деп белгилешти милиция бөлүмүнөн.

Источник

Оставьте ответ