Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин орун басары Максат Жылышбаев 12-июлга чейин камакта болот

0 0

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин орун басары Максат Жылышбаев 12-июлга чейин камакта болот

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин орун басары Максат Жылышбаев УКМКнын убактылуу тергөө абагына камалды. Бул тууралуу өздүк булактар маалымдашты.

Такталгандай, Максат 12-июлга чейин камакка алынган. Ал радио жыштыктарды мыйзамсыз сатуу боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Эсиңиздерге салсак, Аскер прокуратурасынын жана УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги коррупция боюнча кылмыш ишин тергөөдө. Иштин алкагында аталган башкармалыктын экс-башчысы Наталья Черногубова кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги уюлдук байланыш оператору жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин кызматкерлери мыйзам бузуу менен оператордун лицензиясын кайра тартышкан. Бул мамлекеттин кызыкчылыгына доо келтирген. Кийинчерээк бул иштин алкагында алар УКМКнын кызматкерлерин, ошондой эле Ала ТВнын стратегия жана өнүгүү боюнча директору Дмитрий Ветлугинди жана Ала-ТВнын негиздөөчүсү Артур Халдаровду кармашкан.

Белгилей кетсек, 16-июнда Максат Жылышбаевди КРнын Аскер прокуратурасынын кызматкерлери кармашкан. Ал радио жыштыктарды сатуу ишинде шектүүлөрдүн бири.

 

 

Источник

Оставьте ответ