Москва олимпиадасына 40 жыл: Коло байге ээси Александр Абушахметов

0 0

Москва олимпиадасына 40 жыл: Коло байге ээси Александр Абушахметов

Быйыл  Москва олимпиадасынын 40 жылдык мааракеси учурдагы коронавирус жана пандемия илдеттеринен улам салтанаттуу белгиленбей калганы менен күйөрмандардын эсинде бекем сакталуу.  СССРдин курамындагы Кыргызстан дагы Москва олимпиадасында 5 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип, кыргыз спортунун эң бийиктигине жетишкен. Ошондуктан спорттук баяндамачы, жазуучу Кабыл Макешов  1980-жылкы Москва олимпиадалык оюндарында жылдызы жанып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиада чемпиондорубуз даңазалуу мерген  Александр Мелентьев, атактуу оор атлетчи Каныбек Осмоналиев,  белгилүү жеңил атлетчи Татьяна Колпакова,  ат спорт чебери Александр Блинов,  жөө күлүк Николай Чернецкий, марафондук жарышта коло медаль уткан дубанды жарган дулдул  Сатымкул Жуманазаров, фехтование мелдештерде күмүш байге уткан  Александр Абушахметов, олимпиада оюндарда байгелүү бешинчи орунду камсыз кылган Марина Сысоева спорттук тагдырлары, өмүр таржымалдары жана олимпиадалык бийиктиктери, спорттогу каармандыктары тууралуу  “Москва олимпиадасы-Кыргыз спортунун туу чокусу” аттуу китепти 3 ай мурда жазып бүтүп, каржы маселесинен улам жарык көрбөй турган эле. Кыргыз Республикасынын Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин директору, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Канат Аманкуловдун демилгеси менен бул китеп жакында жарык көргөнү  “Турар” басмасында басылып жатат.

Мындан 40 жыл мурда ушул күндөрү Москва олимпиадасынын фехтования боюнча мелдештер курч мүнөздө өтүп жаткан учур эле. Кыргызстандык  Александр Абушахметов коло медаль тагынган.  Учурда дүйнө жана СССРдин чемпиону болгон, Монреаль жана Москва олимпиадалык оюндарынын коло байге ээси, маркум Александр тууралуу кыргызстандык спорт күйөрмандары жакшы билишпейт. Ошондуктан бүгүн “Москва олимпиадасына 40 жыл” түрмөгүбүздөн даңазалуу спортчу Александр Абушахметов тууралуу очеркти назарыңыздарга сунуш кылабыз.

Олимпиада оюндарынын коло медаль ээси, дүйнө чемпиону – Александр Абушахметов

1954-жылы 21-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн Александр Вениаминович Абушахметов кыргыз спортунан таалим, тарбия алып, чоң спортто багын сынады. Фехтование өнөрүнүн шпага түрү боюнча ал жеткен бийиктикке азырынча эч ким жете элек. “СССР спортунун чебери” ардак наамын алуу ал мезгилде абдан түйшүктүү болчу. Себеби кылыч чабышуу өнөрү-тубаса талантты, шык-жөндөмдү талап кылат. Ички маданият, гармония, сезимталдык, сергектик да болушу зарыл. Сашада мындай сапаттардын баары бар эле. Себеби ал театрды, опера, балетти сүйчү.Учурунда баскетбол жана велоспорт менен да машыккан. Анан бир спортту тандап, андан майнап чыгарып, өзүн көрсөтүүнү самады. Баскетбол командалык оюн болгондуктан андан суурулуп чыгуу, эл аралык аренага таанылуу кыйын эле.  Велоспорттун түйшүгү да оңой эмес. Талаалар, тоо-ташты аралап шамаал менен жарышып жүрүүң керек. Анан калса техникалык жабдуулары, спорттук велосипеддин өзү да кымбат. Саша жети өлчөп, акыры фехтования спортун тандап алды. Бул спорт жан-дүйнөсүнө да жакын сезилип, рыцарлардай каармандык көрсөтүүнү самады. Анан дагы бул спорт түрүнө кызыгып калуусунун себеби, ата-энесинин курбусу Виктор Васильевич Войченконун үйүнө мейманга барып калышат. Ал фехтования боюнча машыктыруучу эле. Анын үйүндөгү мелдештерде жеңип алган медалдарын, байгелерин, дипломдорун көрүп, төргө илинип турган шпаганы кармалап кызыгып турду.

-Шпага менен машыгып, өзүңдүн күчүңдү сынап көргүң келеби,- деди шпаганы кармалап, кызыгып турган Сашага Виктор Васильевич Войченко.

-Албетте машыгууну каалайм. Мен дагы атактуу үч мушкатердой баатыр болгум келет,-деди Саша тартынбай. Себеби Сашанын атасы да жаш кезинде фехтования менен машыгып,  белгилүү устат Виктор  Войченко менен теңтуш эле.

-Вениамин сен жетпеген бийиктиктерге уулуң жетсин. Кан тартат деген ушул. Мына сенин жолуңду жолдоп, Сашаң таанымал спортчу болсун. Келишимдүү боюу да узун жигит болгон тура.  Жаңы жылдан баштап келсин,- деди Виктор  Войченко.

Сашанын сүйүнүчүн айтпа. Шпаганы алып, өзүн рыцарлардай сезип, балалык таттуу кыялдардын кучагында калды.

1967-жылы жаңы жылды тосушуп, кышкы каникул башталаары менен Бишкектеги Ленин атындагы (учурда Кожомкул) спорт ордосундагы фехтования ийримине катыша баштады. Баскетболго катышкандыктан башка балдарга караганда шыңгай бойлуу болуп, өзүнүн шамдагайлыгы, чапчаңдыгы менен айырмаланып, ыкмаларды бат өздөштүрүп, бир дагы машыгууну калтырган жок. Техникалык көнүгүүлөрдү да тажабай аткарып, бутуна бекем тура баштады. Анын чыдамкайлыгы, каталыктарын оңдоого болгон аракеттери, бир нече саат болсо дагы бардык ыкмаларды үйрөнүүгө дилгирлиги устатына майдай жакты. Айрым балдар бир нече жолу «укол» алып, эти ооругандан кийин чыдабай ыйлап же кийинки машыгууга келбей калышчу. Укол дегени фехтованияда атаандашынын аны сайып, упай алганы.  Саша «укол» алып, эти ооруса дагы чыдап,  булчуңдарын чыңдап, каталыктарынан сабак алып, чеберчилигин жогорулатуунун үстүндө иштеди. Бош убакытысында спорт ордосуна келип, машыгуусун үзгүлтүк кылбады.  Мындай талбаган аракеттин акыбети кайтып, машыкканына жарым жыл өтпөй   республикалык биринчиликте байгелүү орунду ээлеп, өлкөнүн намысын коргоо үчүн 1968-жылы Бүткүл союздук мектеп окуучуларынын спартакиадасында катышты. Натыйжа жаман болгон жок, бул мелдеште алтынчы орунду ээлеп, өзүнө ишеним жаратты. 1970-жылы социалисттик мамлекеттер арасындагы эл аралык турнирде уландар командасынын катарында күмүш медаль тагынып, келечегинен үмүткөр кылып, адистердин көңүлүн бурду.

1970-жылы СССРдин чемпионатында алтын медалга ээ болуусу, аны СССРдин  жаштар кура­ма командасынын катарына кабыл алууга түрткү болгон. 1971-жылы  аны СССРдин жаштар тандалма командасынан катарында дүйнө чемпионатына катышууга  федерация жетекчилери ишеним көрсөтүштү. Саша алардын ишеничин актап, жаштар арасында Канадада өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медалды жеңип алып, адистер­ди ыраазы кылды. 19 жаштагы Александр Абушахметовго «СССРдин эл аралык даражадагы спорт чебери» деген ардак наам ыйгарылды. Мындай ардак наамга баралына жетип, 25-26 жаш куракка барганда гана ээ болуп, эмгени бааланчу.  Жыл өткөн сайын Сашанын чеберчилиги жогорулап, 1973-74-жылдары “Таллин кылычы” эл аралык мелдеште­рин­де, мыктылардын сабына кошулуп, күмүш байгени камсыз кылган. Ошондой эле ал «Алтын шпага» байгесин утуп, эл аралык аренага Кыргызстанды тааныткан.

Александр Абушахметов СССРдин тандалма командасынын курамында 1976-жылы Монераль Олимпиадасына катышып, өлкө намысын коргогон. Себеби, ал СССРдин тандалма командасынын мүчөсү катары дүйнө чемпионаттарында байгелүү орундарды ээлеп, мыкты спортчулардын сабында турган.  Анын олимпиадалык командага акыркы саналуу күндөр калганда гана кошкон. Себеби, спорт жетекчилери аны өтө эле жаш,анан дагы көздөгөнүн бербеген кежир жигит дешип, ишенбей турушканда устаттары анын таламын талашкан. Чынында эле устаттары жаңылган эмес экен. Канадада өткөн жайкы олимпиадалык оюндарда Александр командалык эсепте СССРдин командасына коло байге утуп берүүгө салым кошту. Анын мындай ийгиликтерге жетүүсүнө даңазалуу устаттар Александр Дизендроф менен Владимир Дониндин салымы зор болгон. Алар айыгышкан салгылашуу учурунда туура чечим чыгарууну, учурду, атаандаштарынын каталыктарын жаза кетирбей, дароо чабуулга өтүп, упай алууну, шпага чабышуунун терең сырларын үйрөтүшүп, чыныгы эр жүрөк рыцарь кылып тарбиялашкан.

1977-жылы Таллинде өткөрүлгөн СССРдин чемпиона­тында да баш байгеге арзып, алтын медаль тагынган. 1981-жылы да СССРдин чемпионаттарында жеке таймашууларда жеңүүчү аталган.

1978-жылы Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте өткөн дүйнө чемпионатында СССРдин тандалма командасынын катарына намыс талашып, коло медаль тагынган.

1978-жылы Дүйнө кубогунда баш байгенин ээси болсо, ошол жылы  Германиянын Гамбург шаарында өткөн дүйнө чемпионатында дагы командалык эсепте СССРге күмүш байге утуп, экинчи орунду камсыз кылууга салым кошкон.  Ал эми 1979-жылы Австралиянын борбор шаары Мельбурн шаарында жылдызы жанып, шпага түрүнөн командалык эсепте СССР дүйнө чемпиону аталып, бул жеңишке салым кошкон Александр да алтын медалдын ээси болгон.

1980-жылы Москва олимпиадасында кыргызстандык Александр Абушахметов фехтованиянын шпага түрү боюнча командалык таймашууларда өнөр көрсөткөн. Ал жыйырмадан ашуун атаандаштарынан айырмаланып  командалык эсепте коло медалдын ээси болгон. Ал Кыргыз мамлекеттик дене тарбия инситутун бүтүргөн. Москва олимпиадасынан кийин ал СССРдин баш калаасында биротоло калып, эл аралык турнирлерге катышкан. Москва олимпиадасынан беш жыл өткөн соң чоң спорт менен коштошуп, атактуу ЦСКА спорт клубунда машыктыруучу болуп, ондогон мыкты спортчуларды тарбиялап, шпага чабышуунун сырларын, ыкмаларын үйрөтүп, аларга бай тажрыйбасын бөлүшкөн.

Болуп, толуп турган 41 жаш курагында 1996-жылы 10-июнда жүрөгү токтоп, Москвада каза болгон. Чоң спорт, көп жылдар машыгуу, ой-санаага батырган мелдештер анын ден соолугуна таасирин тийгизип, энергия, күч-кубатын алып койсо керек.

СССРдин тандалма командасынын устаты Павел Колобков: «Александр техникалык-тактикалык ыкмаларды мыкты аткарчу. Ал өз учурунун чыгаан спортчусу, адамкерчилиги бийик мыкты инсан эле. Менин фехтования спорту менен машыгуума ал себепкер болгон, -деп эскерет.

Анын жаркын элеси ар дайым эсибизде сакталат.

Эскертүү:  Очерк кыскартылып берилди. мурдакы бөлүктөрдө кыргызстандык олимпиада чемпиондору Татьяна Колпакова, Каныбек Осмоналиев, Николай Чернецкий, Александр Блинов тууралуу кеп болгон эле. Эмки бөлүктөрдө олимпиаданын  коло байге ээси  Сатымкул Жуманазаров жана  олимпиадада байгелүү бешинчи орунду камсыз кылган Марина Сысоева, олимпиадага күбө болуп келишкен кыргызстандык спорт күйөрмандары  тууралуу кеңири баяндалат.)

Кабыл Макешов,

  КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы

 Атайын “Кыргыз тудей” үчүн даярдалды.

Источник

Оставьте ответ