Москва олимпиадасына 40 жыл. Олимпиада чемпиону, жөө күлүк Николай Чернецкий

0 0

Москва олимпиадасына 40 жыл. Олимпиада чемпиону, жөө күлүк Николай Чернецкий

Быйыл  Москва олимпиадасынын 40 жылдык мааракеси учурдагы коронавирус жана пандемия илдеттеринен улам салтанаттуу белгиленбей калганы менен күйөрмандардын эсинде бекем сакталуу.  СССРдин курамындагы Кыргызстан дагы Москва олимпиадасында 5 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип, кыргыз спортунун эң бийиктигине жетишкен. Ошондуктан спорттук баяндамачы, жазуучу Кабыл Макешов  1980-жылкы Москва олимпиадалык оюндарында жылдызы жанып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиада чемпиондорубуз даңазалуу мерген  Александр Мелентьев, атактуу оор атлетчи Каныбек Осмоналиев,  белгилүү жеңил атлетчи Татьяна Колпакова,  ат спорт чебери Александр Блинов,  жөө күлүк Николай Чернецкий, марафондук жарышта коло медаль уткан дубанды жарган дулдул  Сатымкул Жуманазаров, фехтование мелдештерде күмүш байге уткан  Александр Абушихметов, олимпиада оюндарда байгелүү бешинчи орунду камсыз кылган Марина Сысоева спорттук тагдырлары, өмүр таржымалдары жана олимпиадалык бийиктиктери, спорттогу каармандыктары тууралуу  “Москва олимпиадасы-Кыргыз спортунун туу чокусу” аттуу китепти 3 ай мурда жазып бүтүп, каржы маселесинен улам жарык көрбөй турган эле. Кыргыз Республикасынын Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин директору, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Канат Аманкуловдун демилгеси менен бул китеп жакында жарык көргөнү турат.

Мындан 40 жыл мурда ушул күндөрү Москва олимпиадасынын жеңил атлетика мелдештери курч мүнөздө өтүп жаткан учур эле. Кыргызстандык жөө күлүк Николай Чернецкий олимпиада чемпиону болгон. Анын көрсөткүчү Кыргызстан менен Украинага бирдей жазылган. Бул да болсо ошол учурдагы Кыргыз спорт комитетин жетектеп турган Дөлөн Өмүрзаковдун эмгегинин акыбети эле. Николай тууралуу кыргызстандык спорт күйөрмандары жакшы билишпейт. Ошондуктан бүгүн “Москва олимпиадасына 40 жыл” түрмөгүбүздөн даңазалуу жөө күлүк, олимпиада чемпиону Николай Чернецкий тууралуу очеркти назарыңыздарга сунуш кылабыз.

Олимпиада чемпиону, жөө күлүк Николай Чернецкий

Москва олимпиадасынын чемпиону, жөө күлүк Николай Чернецкий спорттук үй-бүлөдө 1953-жылы  төрөлүп, Бишкек (Фрунзе) шаарында өскөн. Ата-энеси учурунда жеңил атлетика менен машыгып, спорттук биринчи разрядчы аталган. Алар дагы кыска аралыктарга 200 жана 400 метрге чуркап, республикалык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген. Алардын уулу Колянын спорттогу жолу татаал болду. Ата-энесинин жолун жолдогусу келбеген өпсүрүм, жеңил атлетиканы жерип, атактуу футболчу болууну самады. Жарым жыл футбол ийримине катышып, мыкты футболчу болуу да оңой эмес экенин түшүндү. Анан ошол учурда жылдызы жанып, эл аралык, союздук мелдештерде мөрөй алып, Европа чемпиону аталып, Мехико олимпиадасына катышкан белгилүү суучул Ахмед Анарбаевдин жолун жолдогусу келип, сууда сүзүү ийримине жазылып, бассейинде жүрдү. Сууда сүзүү да оңой оокат эмес экенине көзү жетип, бир-эки жолу суу жутуп, чөгүп кете жаздаганда андан дагы баш тартты. Анан курбулары менен баскетбол ийримине катышып, өзүнчө команда болууну чечишти. Коля жеке таз, абдан өзүмчүл эле. Командалык оюндун ыгына көнө албады. Топту өзү гана алып жүрүп, өнөктөштөрүнөн далай тил укту. Баскетбол менен алыска тааныла албасын, эл аралык аренага чыгыш үчүн күчтүү команда керек экенин түшүндү. Мектептерди утканы менен республиканы, анан Борбор Азияны утуп чыгуу кыйынга тураарын аңдап билди. Тагдырдан, маңдайга жазгандан качып кутула албайсың дегендей, аркы акры беркини түшүнүп калган куракта 8-класста окуп жүргөндө Бишкектеги  Карабакта өткөн жеңил атлетика боюнча мелдешке катышып, келечегинен үмүткөн кылган улан белгилүү  устат Юрий Васильевич Ушаковдун көзүнө илинип калды.

– Сен туура эмес дем алып, күч менен чымырканып чуркап жатасың. Бирок, ылдамдыгың дурус экен. Жакшылап машыксаң сенден мыкты жөө күлүк, чемпион чыгат. Талантың бар экен, -деп жаш уланды шыктандырып, көкүрөгүнө ишеним отун жандырып койду.

Спортто өз ордун таба албай жүргөн уланга бул сөздөр майдай жакты.

–Сиздин спорт ийримиңизге жазылып, машыксам болобу? Туура чуркоону үйрөтөсүзбү?-деди дароо.

-Макул, бирок жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керек. Эртеңден баштап кел,-деди устат.

Ал күнү Коля үйүнө сүйүнүп барып, ата-энесине да «силер жеңил атлетика менен туура эмес машыгып жүргөн экенинсиңер да. Мен чемпион болуп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытам, көрөсүңөр го,-деп ишенимдүү айтты.

-Ооба сен чемпион болгонуңду көрө жатаарбыз. Футболго бардың, андан майнап чыккан жок. Анан Ахмед Анарбаевдей чемпион болом деп, бассейинге барып, сууга чөгүп кете жаздадың. Баскетболдо деле кыйраткан жоксуң. Сенин бир нерсеге чыдамың жок. Туруктуу эмессиң. Бир күнү чуркоодон дагы тажап, башкасына жөнөйсүң. Сага ишенүү кыйын, -деп атасы намысына тийип койду.

-Футбол менен баскетбол жамааттык оюн болгондуктан команда мыкты болуш керек экен. Мен өзүмдүн издегенимди таптым. Жеңил атлетиканы жеңил спорт деп маани бербей жүргөн элем. Көрөсүңөр мен чемпион болом,-деп ишенимдүү айтты Коля.

-Биз туура эмес чуркап жүрсөк. Ал учурда мыкты адистер, устаттар жокко эсе эле. Эми сени чуркоонун сырларын терең үйрөнүп, жалакай, жалкоо болбой тилегиңе жет,-деди апасы.

Коля машыгууларды үзгүлтүккө учуратып, курбулары менен көчө таптап, киного кирип жүргөн күндөрү да арбын болду. Машыгууларга деле тийди-качты болуп жүрүп, биринчи разрядчы болгондо деле, ата-энесине, машыктыруучусуна берген убадасын унутуп  шалаакы жалкоо болуп жүрдү.

Мектеп окуучуларынын бүткүл союздук спартакиадасы босогодо турган эле. Юрий Васильевич  Коляны командага кошсомбу же кошпой эле койсомбу?-деп далайга ойлонуп, убайым тартты. Машыгууну үзгүлтүккө учуратып жүргөн уланга анча ишенбей, башка балдар таарынат го деп, күмөн санап турду. Бирок, ички сезими «тобокелге баш байлап, байкап көрчү, таланттуу уландын келечеги алдыда» дегендей туюм берди. Ошентип аны   Мектеп окуучуларынын бүткүл союздук спартакиадасында сынап көрүүнү чечип, команданын катарына кошту.

400 метр аралыктагы жарышта Николай Чернецкий марага экинчи келип, күмүш медаль тагынды. Лидерге эки гана секунд алдырып койду.

-Машыгууга өтө жооптуу мамиле кылуу керектигин эми түшүндүңбү? Машыгууга үзбөй келсең, алтын медалдын ээси болуп, үйүңө чемпион болуп барат элең, -деди устаты.

Ошондо гана Коля ата-энесине берген убадасын эстеп, эми мындан ары машыгууга калтырбай келип, чемпион болом,- деп бармагын тиштенди. Ошол мелдештен кийин гана Коля өзгөрүп, жакшылып машыкса, алдыда далай ийгилик, жеңиштер күтүп турганын түшүндү. Спортко абдан жооптуу, так, туура мамиле кылуу керектигин аңдап билди. -Же жакшылап машыгып, натыйжага жетип, чемпион болуу керек, же убара болбой, спорттон кетүү зарыл,- деп ишенимин бекемдеп, мелдештерде ийгиликтерди жарата баштады. Андан кийин ал республикалык бардык мелдештерде баш байгенин ээси болуп, уландар жана жаштар арасында Кыргызстандын  чемпиону аталды. 400 метр аралыкка чуркоодо Кыргызстандын рекорддун 1977-жылы Вильнюс шаарында өткөн мелдеште жаңырткан. Ошол учурда анын көрсөткүчү 46,72 секунда болгон.  Союздук аренага да  бат таанылып, адистердин көңүлүн бурду. Аны СССРдин жаштар тандалма командасына мүчө болууга чакырыктар келди. Донецк шаарында өткөн жаштар арасындагы Европа биринчилигинде 400 метрге жарышта марага экинчи келип, күмүш медаль тагынды. Советтер союзунун тандалма командасынын машыктыруучулары Николайдын бардык аракеттерине тыкыр көз салып жүргөн. Донецкидеги ийгилигинен кийин дароо аны Москвага чакырышты. Коля алардын шартына, чакырыгына дароо макул болгон жок. Себеби, ал өзү туулуп, өскөн Фрунзе шаарын, Кыргызстанды, керемет Ысык-Көлдү,ата-энесин, курбу-курдаштарын кыяалбай кыйылып турду.

-Чоң спортто, эл аралык, дүйнөлүк аренада ийгиликтерге жетүү үчүн мыкты адистерден таалим-тарбия алып, Москвага барууң керек. Атактуу спортчу, чемпион болом дечү элең, мына сага абдан чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөнү турат. Бизге кылчактабай Москвага жөнө, биздин тилди ал, -деп кеп-кеңеш берди атасы. Мындай пикирди устаты Юрий Васильевич  Ушаков дагы айтып, шыктандырып койду.  Спорттук бийиктикти самаган Коля Москвадагы Бүткүл союздук олимпидачыларды даярдоо борборуна кабыл алынып, даңазалуу устат Галина Бухаринадан таалим-тарбия ала баштады. Бир аздан кийин Москва мамлекеттик дене тарбия институтунун студенти болуп калды. Бирок ал жеңил атлетика федерациясынын жетекчилеринен анын жеңиштерин өзү туулуп өскөн Кыргызстандын эсебине жазууну суранып, бардык мелдештерде кыргызстандык спортчу катары чыгып жүрдү. Жыйырма жашында эле Николай Чернецкий эл аралык аренада таанылып, советтик спорт үчүн ийгиликтерди жарата алды. Ал СССР-ГДР мелдештеринде жеңишке жетишип, Европанын кышкы чемпионатында күмүш байгелүү болду. Италияда өткөн эл аралык турнирдин баш байгесин утту. Ошондой эле 200 метр жарышта марага 46,72 секундда келип, бүткүл союздук рекордду жаңыртты. Бул рекорддук чекти бир нече жыл эч бир советтик спортчу кайталай алган жок. Мындан сырткары 4х400 метрге эстафеталык жарышта алтын байге утууга өзүнүн зор салымын кошту. Бул Болгарияда өткөн эл аралык турнирде Николай америкалык атактуу жөө күлүктөр Винсен, Тейлер, Харристи артка калтырып, чеберчилигин, мыкты даярдыгын, тубаса талантын көрсөттү.

Анан Бүткүл дүйнөлүк Универсиада оюндарында 400 мерт аралыкты 45, 72 секундда чуркап өткөн эле.

1979-жылы кыргызстандык жөө күлүк Николай Чернецкий жаштар арасында Европанын чемпионатында алтын медаль тагынып чемпион аталса, ошол жылы СССРдин чемпионатын­да 400 метр жарышта бардык атаандаштарынан алдыга озуп, жеңиштин бийик сересине көтөрүлүп, СССРдин чемпион­дук наамын жеңип алган. Машыктыруучу Ю.В.Ушаков таптаган бул жөө күлүк эл аралык мелдештердин көбүндө баш байгеге арзыган.

СССР спортуна эмгек сиңирген чебер Николай Чернецкий 400 метр аралыкка чуркоодо СССРдин чемпиондугун 1979-80-жылдары да жеңип, рекордго жаңы чек койгон.  Жеңил атлетика федерациясынын жетекчилери ага ишеним артып, Москва олимпиадасына жолун ачкан.

Ошентип 400 метрден 4 жолу чуркап эстафеталык жарышта СССРдин жөө күлүктөр командасы 1980-жылы Москва олимпиадасында марага биринчи келип олимпиадалык оюндардын алтын медалын тагынышты. Алардын, 4 жигиттин (Р.Валюлис, М.Линге, Н.Чернецкий жана В.Маркин) катарында кыргызстандык Николай Чернецкийдин турганы  бизди дагы өзгөчө сыймыкка бөлөгөн. Николай табына келип турганда 1979-80-жылдары жабык стадиондогу жарыштарда Европанын чемпиондугун эки ирет жеңип, мыкты жөө күлүктөрдүн алдыңкы сабына кошулган. Николай дүйнөдөгү эң мыкты жөө күлүктөрдүн катарына кирген. Москва олимпиадасынан кийин дагы эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп, өлкө намысын коргоду. Ал чоң спорттон эрте кетүүгө аргасыз болду. Себеби, жарыштарда алган жаракат, тынымсыз машыгуулар жолтоо болду. Азыр Москвада жашап, иштеп жүрдү. Кыргызстандын, СССРдин жана дүйнөнүн жеңил атлетика спортунун тарыхында анын ысымы түбөлүккө өчпөс болуп калды.

Эскертүү:  Очерк кыскартылып берилди. мурдакы бөлүктөрдө кыргызстандык олимпиада чемпиондору Татьяна Колпакова, Каныбек Осмоналиев тууралуу кеп болгон эле. Эмки бөлүктөрдө олимпиада чемпиону Александр Блинов,  коло байге ээлери  Сатымкул Жуманазаров жана Александр Абушахмедов, олимпиадага күбө болуп келишкен кыргызстандык спорт күйөрмандары  тууралуу кеңири баяндалат) 

Кабыл Макешов,

 КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы

Атайын “Кыргыз тудей” үчүн даярдалды.

 

Источник

Оставьте ответ