Президент Сооронбай Жээнбеков Бельгия Королу Филиппти Королдук ант берүү күнү менен куттуктады

0 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Бельгия Королу Филиппти Королдук ант берүү күнү менен куттуктады

Бүгүн, 21-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бельгия Королу Филиппти Королдук ант берүү күнү — Бельгия Королдугунун улуттук майрамы менен куттуктады.

«Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү жана Бельгия Королдугу башынан өткөргөн оор сыноолорго карабастан, Бельгия Королдугунун эли учурдагы пандемияга туруштук берет деп ишенебиз. Ошол эле учурда мен Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугу менен түзүлгөн достук мамилелерди мындан ары дагы бекемдөөгө даяр экендигин белгилегим келет», — деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Король Филиппке бекем ден соолук, узак өмүр, ал эми Бельгия элине ийгиликтерди жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Источник

Оставьте ответ