Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз-тажик чек ара маселесинде жылыштар бар, бирок маселе чечиле элек

0 0

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз-тажик чек ара маселесинде жылыштар бар, бирок маселе чечиле элек

«Кыргыз-тажик чек ара маселесинде жылыштар бар, бирок маселе чечиле элек. Эки өлкөнүн ортосунда түшүнүү бар», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы учурда коңшулаш Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араны тактоо иштери уланып жатканын билдирди.

«Өкмөттөр аралык жумушчу топтор тынымсыз байланышта иштеп жатышат. Иш жакшы кетип атты эле, коронавирус илдети муну токтотуп койду. Муну буюрса, улантабыз. Айрыкча, кыргыз-тажик чек ара участоктору боюнча талкуу уланууда. Тажик коллегам, урматтуу Эмомали Рахмон менен кандай гана аянттарда жолукпайлы, чек ара маселесин дайыма талкуулайбыз», — деп өзгөчө белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент белгилегендей, чек ара маселесинен келип чыккан чыңалууну кээде турмуштук, тиричилик маселелер да курчутуп жиберет. Ошондуктан, жергиликтүү бийлик эл менен тыгыз байланышта иштеп жатат. Ошондой эле чыңалууну азайтуу максатында чек арага чектеш айылдарда, райондордо социалдык-экономикалык долбоорлорго да өзгөчө көңүл бурулууда.

«Өкмөттүн атайын вице премьер-министри бар, ушул чек ара маселеси боюнча иштейт. Акрам Камбаралиевич Кадамжайда аким, Баткенде губернатор болду, бул көйгөйдү жакшы билет. Баткен менин өзгөчө көңүлүмдүн борборунда. Жолдорду оңдоо, мектеп, ФАП, оорукана, бала бакча ж. б. социалдык объектилерди курууга көп көңүл бурабыз. Азыркыдай бюджеттин тартышыгында, оор шартта, кырдаалда дагы аны биз токтотпойбуз», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Чек ара маселесин бир тараптуу чечилбей турганын жана чек ара маселесин чечүүдө Кыргызстандын кызыкчылыктары эске алынышы керектигин, ошондой эле ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын көздөгөнү үчүн маселеде татаалдыктар болуп жатканын өзгөчө белгиледи.

«Бул өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан берки чечилбей келаткан оор маселе. Сабырдуулук менен, сүйлөшүү жолу менен улантабыз. Буйруса, бул иштин өтөөсүнө чыгабыз», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Источник

Оставьте ответ