Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кинооператор Мурат Алиев каза болду

0 0

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кинооператор Мурат Алиев каза болду

Кыргызстандын маданияты жана искусствосу оор жоготууга дуушар болду. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү оператор Мурат Алиев 17-июлда 72 жаш курагында оор оорудан каза болду. Бул тууралу КР Маданият министрлигинин  басма сөз кызматы билдирет.

Мурат Алиев 1948-жылы 10-декабрда Нарын шаарында туулган. 1979-жылы Москвадагы Бүткүл Союздук кинематография институтунун (ВГИК) кинооператордук факультетин аяктаган.
М.Алиевдин чыгармачылык жолу 1966-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында оператордун ассистенттигинен башталат. Анын устаттары Марлест Туратбеков, Кадыржан Кыдыралиев, Нуртай Борбиевдер болгон. «Мен – Тянь-Щань», «Уркуя», «Мурас», «Көчө» ж.б. белгилүү тасмаларында келечектеги кинооператор тажрыйба топтогон.
М.Алиев 80-90-жж. «Кыргызфильм» киностудиясында иштеп жүрүп Г.Базаровдун «Биринчи», Б.Шамшиевдин «Снайперлер», «Фудзиямадагы кадыр түн», К.Акматалиевдин «Улуу Жибек Жолу» тасмаларында коюучу оператор болуп эмгектенет.
Ошол эле жылдары М.Алиев режиссер жана оператор катары отуздан ашуун даректүү тасмаларды жарыкка чыгарат.
М.Алиев Кыргызстандын гана искусствосу менен маданиятына салым кошпостон коңшу Казакстандын дагы кино өнөрүнө зор салымын кошуп келген. 2000-жылдан баштап аны казак киносунун өкүлдөрү чакыра башташкан. Коюучу оператор катары ал «Казакфильмде» ондон ашык көркөм тасма жараткан. Алардын ичинде белгилүү казак режиссерлору С.Нарымбетовдун «Мустафа Шокай», Э.Турсуновдун «Келин», Р.Аташевдин «Курак көрпө» тасмалары да бар.
2013-жылы Мурат Алиев «Шал» (Казакстан) тасмасындагы эмгеги үчүн Азия-Тынч океандык Киноакадемиясынын сыйлыгына «Мыкты оператордук эмгек» номинациясына талапкер болуп, киноакадемиянын мүчөсү болгон.
Мамлекеттик тапшырык менен тартылган режиссер Садык Шер-Нияздын «Курманжан датка» тасмасында Мурат Алиев кинооператордук чеберчиликтин бийик деңгээлин көрсөтө алган. Бул тасма көптөгөн эл аралык абройлуу кинофестивалдарда сыйлыктарга ээ болуп, жалпы элдин жүрөгүнөн орун тапкан. Бул жана башка тасмалар М.Алиевдин искусствосу дүйнөлүк деңгээлге чыгып, кино өнөрүнүн алтын казынасынан орун алгандыгын тастыктайт.
Улуттук киноискусствонун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн 2011-жылы М.Алиевге Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган. 2017-жылы «Курманжан датка» тасмасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык тапшырылган. Ошондой эле ал «Даңк» орденинин, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси.
Мурат Алиевдин өмүрү жана басып өткөн чыгармачылык жолу өсүп келаткан чыгармачыл жаштар үчүн өчпөс үлгү бойдон калды. Анын аты кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүкө жашайт. Мыкты инсан, алп таланттын ээси, Мурат Алиевдин туугандарына, жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтабыз!

А. Ж. Исмаилова, С. Шер-Нияз, К. К. Иманалиев, А. К. Жаманкулов, С. А. Раев, К. Б. Базарбаев, Ж. У. Саралаева, Б. Жакиев, Т. Т. Казаков, К. О. Иманалиев, М. А. Бектеналиев, А. А. Акматалиев, М. Т. Байжиев, Ж.Сейдакматова, З.А. Үсөнбаев, Г. С. Базаров, М. М. Мусаев, К. А. Абдыкулов, А. А. Абдыкалыков, А. Арым Кубат, М.Ү. Алышпаев, Н.Мамбетова, М.Сарулу, Р. Т. Айтматова, Э. Ч. Айтматов, А.У. Дайырбеков, А. М. Жангазиев, Э. А. Абдыжапаров, Т. М. Бирназаров, Ф. Ш. Бекманбетов  и т. д.

Источник

Оставьте ответ