Видео – Москвадан учуп келген ыктыярчы-дарыгерлерди аэропорттон эч ким тосуп алган эмес

0 0

Видео – Москвадан учуп келген ыктыярчы-дарыгерлерди аэропорттон эч ким тосуп алган эмес

Кечээ, 12-июлда Москвадан 45 дарыгер Россиянын “Аэрофлот” авиакомпаниясынын чартердик рейси менен Кыргызстанга кайтып келишкен.

Бул адистер медициналык мекемелерге коронавирустук инфекцияны жана пневмонияны токтотууга жардам берүү үчүн өз ыктыяры менен мекенине кайтып келүүнү чечишкен.

Бирок, КР Шахмат федерациясынын вице-президенти Жаныбек Асанбековдун айтымында, өлкө үчүн ушул оор күндөрдө ыктыярчы-дарыгерлерди аэропорттон эч ким тосуп алган эмес.

Анын айтымында, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Алтынбек Сулайманов «Манас» эл аралык аэропортунда ыктыярчыларды тосуп алышмак.”

“Алардын бири да аэропортко келген жок, унаа менен да камсыз кылышкан жок. Бактыга жараша, биз элди узатуу үчүн аэропортко микроавтобус менен келгенбиз, алар биз менен мейманканага келишти. Биздин чиновниктерге уят! Адамдар бардыгын таштап, бизге жардамга келишти, курулуш компаниясы алардын жол киресин төлөп берди, өкмөт аларды транспорт менен да камсыз кыла алган жок” – деп Жаныбек Асанбеков  Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазган.

Жаныбек Асанбековдун постунун алдына депутат Жанар Акаев төмөндөгүдөй комментарий жазган.

Жаныбек мырза, бир тараптуу жазыпсыз. Мен Москвадан келген врачтарды тосуп алып, жайгаштырып берели деп өкмөкө чалдым кечээ. Мага Минздрав чалып, биз автобус болуп, отель таап койдук, замминистр барат, силер барбай эле койгула, депутаттар эмес, өкмөт тосуп, жайгаштырат деди! Менин күнөөм кайсы? Жардамга кол сунганым үчүнбү? Бүгүн врачтарга барып айттым, мен тосуп алайын, жардам берейин десем Минздрав баарын өзүбүз кылабыз, келбегиле деди деп айттым. Замминистр кечирим сураптыр өзү барып. Региондон келген 34 врачты азыр отель менен камсыздап, баарын өзүбүз карап жатабыз. Москвадан келгендерди да ошентели деп айтсам, өкмөт баары жакшы деп ката кетирсе, мунун баарын мен териштирип, жооп берчүдөй кылам тиешелүү жетекчилерди” – дейт Жанар Акаев.

Это позор! Полный коллапс во всех направлениях жизнедеятельности государственной власти. Порядка 50 кыргызских врачей-волонтеров прилетели из Москвы в Бишкек. Их должны были встретить вице-премьер Акрам Мадумаров, Жанар Акаев и Алтынбек Сулайманов, но ни один из них не приехал встречать и даже не обеспечили транспортом, к счастью мы приехали в аэропорт на микроавтобусе провожать своих людей и слава Богу они с нами добрались до гостиницы. Позор и стыд нашим чиновникам. Люди бросили всё и приехали помочь нам, им за билеты оплатила строительная компания, а правительство даже не смогло обеспечить транспорт им.

Опубликовано Zhanybek Asanbekov Воскресенье, 12 июля 2020 г.

 

Источник

Оставьте ответ